www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Маркумду узатуу жана сөөк коюу иши жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбооруна кол койду.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстанда мындан ары маркумдардын сөөгүн өрттөөгө (кремациялоого) тыюу салынат.

Мыйзамга ылайык, крематорийлер эми адамдардын сөөгүн өрттөө үчүн эмес, медициналык мекемелерде пайда болгон биологиялык калдыктарды — органдарды жана ткандарды санитардык талаптарга ылайык жок кылуу үчүн гана колдонулат.

Крематорийлер республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражатына, ошондой эле жеке ишканалардын эсебинен курулушу мүмкүн.

Ошондой эле маркумдардын сөөгүн, бойдон алдыруудан кийинки жана өлүк төрөлгөн түйүлдүктөрдү кремациялоого тыюу салынды. Мыйзамдан кремация, күл сакталуучу урналар жана колумбарийлер тууралуу жоболор толугу менен алынып салынды.

Мындан ары өздүгү аныкталбаган жана жакындары табылбаган сөөктөр да көрүстөндөргө жерге берилет. Буга чейин мындай учурларда кремацияга түздөн-түз тыюу салынган эмес.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Последние новости