www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Валерий Жовтенкону Кыргыз Республикасындагы Украинанын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотту.
Тиешелүү жарлыкка Украинанын президенти 3-августта кол койгон. Документте бул кадрдык чечимдин себептери көрсөтүлгөн эмес.
Валерий Жовтенко 2018-жылдын август айынан бери Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктү жетектеп келген. Жаңы элчи ким болору азырынча маалымдала элек.
Владимир Зеленский Украинанын дипломатиялык корпусунда масштабдуу өзгөрүүлөрдү жүргүздү. Жовтенкодон тышкары, Украинанын АКШдагы элчиси Ольга Стефанишина, Австриядагы элчиси Василий Химинец, Тажикстандагы элчиси Валерий Евдокимов, Тунис жана Ливиядагы элчиси Владимир Хоманец, ошондой эле Сингапур жана Брунейдеги элчиси Екатерина Зеленко да кызматтарынан бошотулду.