www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуучулар жыл сайын жогорку класска көчүп жатканда кыргыз тилинен экзамен тапшырат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова билдирет.

Маалыматка ылайык, бул 1-класстан баштап 11-класстын окуучуларына чейин тиешелүү.

Жылдыз Орозобекова "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын 17-беренесине таянып милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү, бүтүрүү экзамендери киргизилерин айтты. Ал эми кесиптик жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу, ошондой эле бүтүрүү учурунда мамлекеттик тилди канчалык билери текшерилет.

Белгилей кетсек, мындай норма эски мыйзамда дагы бар эле. Бирок көпчүлүк учурда аткарылбай келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости