www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Эл аралык кинофестиваль өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрь күндөрү Бишкек Эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына арналып, Маданият министрлиги тарабынан уюштурулууда.

Иш-чаранын максаты президенттин "Улуттук киноиндустриясын өнүктүрүү жана КР кинематографиясынын мамлекттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын жүзөгө ашыруу, улуттук кинонун кадыр-баркын бекемдөө, ата мекендик мыкты кино чыгармаларды жайылтуу, бүткүл кинематографисттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Кинофестивалдын программасында:

- Эл аралык кино сынагы;
- Улуттук кино сынагы;
- Атайын көрсөтүүлөр;
- Киндолбоорлор питчинги.

Фестивалдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат. Арасында Ч.Айтматов атындагы "Дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн" сыйлыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыгы, Эл аралык киносынчылык сынагынын мыкты фильми үчүн Калыстар тобунун сыйлыгы, NETPAC Калыстар тобунун байгеси, КР Кинематографисттер союзунун сыйлыктары бар.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости