www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бортунда он адам бар жеке менчик Embraer Legacy учагы Тверь облусунда кулап түштү. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

"Учакта он адам, анын ичинде үч экипаж мүчөсү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, учактагылардын баары каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Учак Куженкино айылына жакын жерге кулаганы жана Москвадан Санкт-Петербургга учуп баратканы такталган. Учурда куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүүдө.

Өз кезегинде Федералдык аба транспорту агенттиги жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Вагнер тобунун жетекчиси Евгений Пригожиндин аты-жөнү бар экенин билдирди. Алар ошондой эле кырсык боюнча иликтөө иштерин баштаганын баса белгилешти.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости