www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-мартта Улуттук банк Башкармасынын чечими менен орус рублинин сомго карата расмий курсун аныктоо тартиби убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын расмий сайтында маалымдалды.
Мындай чечим ички валюта рыногунда чет элдик валюта менен мүмкүн болуучу алып-сатарлык операциялардын алдын алуу үчүн кабыл алынганы белгиленген.
Мындан ары орус рублинин сомго карата расмий курсу АКШ долларынын рублга карата максималдуу жана минималдуу курстарынын ортосундагы орточо маанилердин негизинде кросс курс боюнча эсептелет.
Жарлык Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот.
Бүгүн рублдин расмий курсу Улуттук банк тарабынан 0,8721 сом деп белгиленди.