www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Украинанын лидери Владимир Зеленский менен жолугууга каршы эмес экенин билдирди. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди.
«Биз (Орусия менен Украинанын) лидерлеринин жолугушуусун уюштуруу үчүн катуу иштеп жатабыз. Согуш башталганга чейин эле бизде ушундай аракеттер болгон. Негизи президентибиз менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Путин мындай жолугушууга каршы эмес экенин айткан... Украин тарап да даяр. Тараптар Беларуста техникалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Экинчи жагынан, башка каналдардын аракеттери бар, биз да аларды колдойбуз», - деди Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы.
Белгилей кетсек, буга чейин Кремлдин басма сөз кызматы 6-мартта Орусия менен Түркиянын лидерлери телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген.
Эске салсак, Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киев менен Харьковго жасалды.
БУУнун маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам качкын болуп чыгып кетти.
Бул ортодо Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.
Атургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.
Булак: NazarNews.kg