www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ун, кумшекер, өсүмдүк майы жетиштүүбү?

“Кыргызстанда ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар экенин ишенимдүү түрдө айта алам”, - деп белгиледи маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Анын айтымында, калктын аярлуу катмарына акысыз 11 миң 467 тонна ун берилген.

“Ал 230 миң үй-бүлөнү түзөт. Бүгүнкү күндө иш уланууда, 7 миң тоннага жакын ун дагы таркатылды. Азыр ун, өсүмдук майы, кумшекер жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдүн баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Андыктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Запастар толукталып турат. Мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнүп жатат”, - дейт ал.

Министр ошондой эле 1 млн кг кумшекер (сатылышы - 1 кг 70 сом) жана 500 миң литр өсүмдүк майын (1 литри 130 сом) соода түйүндөрүнө жеткирилип жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости