www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Биринчи каналында түз эфирдеги «Время» телеберүүсү көрсөтүлүп жатканда алып баруучунун артынан плакат көтөргөн кызматкер пайда болду. Окуя 14-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:35те болгон.
Бул убакта Екатерина Андреева санкциялар тууралуу айтып жаткан. Анын артынан пайда болгон редактор Марина Овсянникова «No war. Остановите войну. Не верьте пропаганде. Здесь вам врут. Russians against war» (Согушка - жок. Согушту токтоткула. Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде калп айтып жатышат. Орусиялыктар согушка каршы) деген жазуусу бар плакатты көтөрүп чыкты.
Андан кийин эфирден дароо санкция тууралуу сюжет көрсөтүлдү. Кийин белгилүү болгондой, Марина Овсянникованы коопсуздук кызматкерлери полиция бөлүмүнө жеткиришкен. Акыркы маалыматтар боюнча, ал «Останкино» телеборборунда болчу. Бул акцияны уюштурганга чейин Марина Овсянникова видеокайрылуу даярдаган.
Анда: «Азыр Украинада болуп жаткан нерсе — кылмыш. Россия — агрессор өлкө. Бул агрессиянын жоопкерчилиги бир гана адамда. Ал адам — Владимир Путин», - деп айткан.
Анын айтымында, атасы украин болсо, апасы орус кызы. «Алар эч качан душман болушкан эмес», - деп белгиледи Овсянникова.
Булак: NazarNews.kg