www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык аскер туткундарынын ачык көрсөтмөсү үчүн уюштурулган кезектеги маалымат жыйынында орусиялык аскер кызматкери Николай Полщиков Путинге кайрылып, аны калп айтып жатат деп айыптады. Бул тууралуу MIGnews.com жазды.

«Бул жерде аскерге чакырылгандар жок деп эмнеге айтып жатканыңызды билбейм. Сол жакта менин 4 жолдошум бар, алар сиздин каалооңуз боюнча ушундай кылмышка барууда. Мен өзүмдөн, бардык орусиялык аскер кызматчыларынан жана силерден абдан уялдым. Жолдош Президент».

Андан кийин Полщиков энесине кайрылды. Анын айтымында, ал бир гана Орусиянын аба соккуларынан өлүшү мүмкүн.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан. Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жайкын жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен.

Көптөгөн Батыш мамлекеттери Орусияга каршы ири санкцияларды киргизди, биринчи кезекте банк секторуна таасир этти. Бир нече дүйнөлүк бренддер жана сервистер өлкөдө ишин токтотту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости