www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоо үчүн 700 сом алынбайт

Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоо үчүн 700 сом алынбайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Нурлан Алаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алына элек, коомдук талкууда каралып жатат.

“Учурда аталган документ мыйзам долбоору болгондуктан сунуш-пикирлер кабыл алынат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКларда уюлдук телефонду каттоо үчүн 700 сом алынары тууралуу маалымат тараган. Анда бир уюлдук телефонду каттоонун баасы жети эсептик көрсөткүчтү, башкача айтканда, 700 сомду түзөрү айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости