www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбан кыргыз президенти Садыр Жапаровго эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“2020-жылы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштарды стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрө алганыбызга кубанычтамын. Бишкекте Мажарстандын элчилигинин жана Будапештте Кыргыз Республикасынын элчилигинин ачылышын мажар-кыргыз достук мамилелерин чыңдоонун негизи деп эсептейм.

Көптөгөн тармактарда, өзгөчө маданият, билим берүү, илим жана экономика маселелеринде өз-ара кызыкчылыктарга негизделген биздин күч-аракетибиз менен биз мындан аркы олуттуу натыйжаларга жетише аларыбызга ишенем, буга Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында биргелешкен иш да көмөктөшөт.

ВенМажарстан грия эки тараптуу саясий, экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүүнү жактайт деп ишендирем”, - деп айтылат куттуктоо катында. Виктор Орбан Садыр Жапаровго бекем ден-соолук жана мындан аркы жооптуу ишинде албан ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости