www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда  январь-сентябрда канча алтын сатылды?

Кыргызстан быйыл январь-сентябрдын аралыгында 12 тонна 886,2 килограмм алтын экспорттоду. Алтынды Швейцария (10 тонна 607,2 килограмм), Бириккен Араб Эмираттары (1 тонна 294,7 килограмм), Кытайдын Гонконгу (984,3 килограмм) сатып алганы жазылган.
Сатылган алтындын наркы 805,5 миллион долларга же 70 млрд сомго жакын болгон.

Финансы министрлиги 2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 кг алтын өндүрүлүп, анын 17 тонна 284 килограммы сатылганын билдирген. Кыргызстандын өкмөтү 2021-жылы канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизген соң, Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун Good delivery макамын жокко чыгарган.

2022-жылы апрелде кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” келишип, кенди Бишкек толук колго алгандан бир айдан кийин, LBMA аталган макамды "Кыргызалтынга" кайрадан кайтарып берген. Натыйжада Кыргызстан өз алтынын аталган биржада тоскоолдуксуз сата баштаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости