www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргызстанда быйыл алты айда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 501 адамды мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу сотторго сунуш киргизилип, анын 180и бошотулган. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарды иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында айтылды.

Жыйынга жумушчу топтун мүчөлөрү, түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурор, Башкы прокуратуранын Кылмыш, жарандык сот өндүрүшүн жана сот чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, Жазаларды аткаруу кызматынын, Жогорку Соттун өкүлдөрү катышты.

Комиссиянын төрагасы, депутат Жусупбек Коргонбай уулу көптөгөн сот чечимдери туура эмес чыкканын иликтөөлөр көрсөткөнүн билдирди:

"Өтө оор кылмыштар менен өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген айрым бир соттолуучуларга кыска мөөнөт ичинде мунапыс колдонулуп, жаза мөөнөтүн өтөбөй чыгарылган. Ошол эле учурда анча оор эмес кылмыштар менен отургандардын ырайым тууралуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Жалал-Абадда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалыптыр. Ал 2018-жылы тоноо, зордуктоо сыяктуу оор беренелер менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген экен. Бирок 2022-жылы коррупциялык схема менен чыгып кеткен. Биз көп абактарды кыдырып чыктык, анда 4-стадияда рак оорусу менен ооруп жаткан аялдар, майыптар отурат", - деди эл өкүлү.

УКМК "өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоткон судьялардын аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилерин" белгилеген. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости