www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында ишкерлерге 36 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Ишкерлерколдоо максатында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын облусунун "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан жергиликтүү ишкерлерге 6%дык жеңилдетилген насыялар берилди.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши тарабынан облустун аймагында ишкердик жүргүзгөн "Жыргал" туристтерди тосуучу үй лагерине, "Бай-Төр" эс алуу борборуна, "Ангус" пародасындагы эт багытындагы уйларды өстүрүүгө, сүт багытындагы уйларды сатып алып, чийки сүттүн көлөмүн жогорулатууга, ак мрамор (доломит) ташын кайра иштетүүчү заводго кошумча техникаларды сатып алууга долбоорлор жактырылган.

Жеңилдетилген насыянын жалпы суммасы 36 млн 778 миң сомду түзүп, каражат "Керемет" банкы аркылуу берилди.

Сертификаттарды бүгүн, 19-декабрда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов тапшырып, ишкерлерге ийгилик каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости