www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 9-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков «Юнифрост» компаниясынын өкүлү Иван Колпаков менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстанда жергиликтүү балык тоюттары менен өстүрүлгөн балыктын Россия рыногуна үзгүлтүксүз экспорттолушун камсыз кылуу маселеси талкууланды.
Маалыматка ылайык, «Юнифрост» балык продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана экспорттоо менен алектенген ири компания болуп саналат.
Компания продукцияны даярдоонун жана жеткирүүнүн толук циклин камсыз кылган өндүрүштүк-логистикалык инфраструктурага ээ.
Жолугушуунун жүрүшүндө Эрлист Акунбеков ата мекендик тоют менен өстүрүлгөн балыктын Россияга экспорттолушуна тоскоолдуктарды болтурбоо үчүн тиешелүү сертификация иштерин жүргүзүүнү жана зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Ошондой эле жергиликтүү балык тоюттарын өндүрүүнү кеңейтүү жана колдонуу, мындан тышкары кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү белгиленди.