www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү.

Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейд Жаркымбаев, Орукту жана Чоң Орукту айылдарынын аймагында жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн акваториясынан Кытайда өндүрүлгөн, узундугу болжол менен 1200 метр болгон эски синтетикалык балык уулоочу тор алынды.

Ошондой эле 30 килограмм таштанды чогултулду.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылууга жана экологиялык талаптарды сактоого чакырды.

Последние новости