www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт. Тиешелүү чечим мэриянын Жолдор боюнча штабында кабыл алынды.

Жаңы тартипке ылайык, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке автоунаалардын коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерге кирүүсүнө тыюу салынат. Ал эми 20:00дөн 08:00гө чейин, ошондой эле ишемби жана жекшемби күндөрү жеке транспорттун бул тилкелер менен жүрүүсүнө уруксат берилет.

Чечим жол кыймылын уюштуруу схемаларына өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү жол белгилери орнотулгандан кийин күчүнө кирет.

Мэриянын маалыматына караганда, 2026-жылдын 4-сентябрына карата Бишкекте жол куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо иштери 151 көчөдө жүргүзүлүүдө. Анын ичинен 125 көчөдө жол оңдоо, 26 көчөдө тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Жалпысынан 84 көчөдөгү иштер толук аяктаган.
Ошондой эле мектептердин жанындагы жол белгилерин жана жол чийиндерин жаңыртуу тапшырылды.

Өзгөчө билим берүү мекемелеринин жанындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөргө көңүл бурулат.

Жыл аягына чейин Бишкекте дагы алты оңго бурулуучу кошумча жол тилкесин уюштуруу пландалууда.

Аларды ишке киргизүү менен мындай тилкелердин жалпы саны 10го жетет.

Мындан тышкары, бөлүнгөн тилкелерде жол кыймылынын эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлүп, үзгүлтүксүз рейддер өткөрүлөт.

Последние новости