www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылдын 9-октябрынан 13-октябрына чейин Кыргызстандын аймагында Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна кирген өлкөлөрдүн тынчтыкты сактоочу бөлүкчөлөрүнүн биргелешкен "Нерушимое братство" машыгуулары өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоровдун Бишкектеги жолугушуусунда айтылды.
"КР Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоров менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 9-октябрынан 13-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен "Нерушимое братство-2023" машыгууларына даярдоо жана өткөрүү маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.
Сидоров Кыргызстанга "Нерушимое братство-2023" биргелешкен машыгуу өткөрүлүүчү жерлерди чалгындоо максатында келген.
"Сапардын жүрүшүндө ал окуу жайларына Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин контингенттерин жайгаштыруу жана колдоо тартиби, машыгуу пункттарын жайгаштыруу жана машыгуулардын негизги тактикалык эпизоддорунун практикалык суроолорунун тизмеси менен таанышуу үчүн барган", - делет маалыматта.
Белгилей кетсек, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун мүчөлүгүнө Россия, Армения, Казакстан, Беларусь, Кыргызстан жана Тажикстан кирет.
Булак: NazarNews.kg