www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирактын премьер-министри Мухаммед ас-Судани Найнава провинциясынын Эль-Хамдания шаарында өткөн түнү болгон өрттүн курмандыктарын эскерип, үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Бул тууралуу Ирактын Министрлер кабинетинин башчысынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

"Премьер-министр Аль-Хамданиядагы өрттө каза болгондор үчүн үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялоону буйруду", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Иракта үлпөт той учурунда фейерверк атылгандан кийинки бат күйүүчү материалдар тутанып, өрт келип чыккан. Өрттөн улам 113 адам каза болуп, 150 адам жарадар болгон.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости