www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку аялынын кулак-мурдун кесип салган киши зордуктоо иши боюнча 8 жылга соттолду. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында Асел зордукталганы боюнча арыз жазган. Сокулук райондук соту жабырлануучунун тосмо арызы жана тараптардын элдешүүсүнөн улам ишти токтоткон.

Январда Асел кайра зордукталган. Сот анын мурдагы жолдошун күнөөлүү деп таап, бирок эркиндикте калтырган. Тагыраагы, үч жылга пробациялык көзөмөл өкүмүн чыгарган. Сот кылмышкердин майып энеси жана жабырлануучу аял экөөнүн ортосунда эки баласы бар экенин эске алган.

Бүгүн, 27-сентябрда, Чүй облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, ал кишини 8 жылга соттоду. Жогорку Сот зөөкүргө пробация өкүмүн чыгарган соттун аракетине юридикалык баа берилерин убадалады.

Эске салсак, 2023-жылдын 20-сентябрында эркек киши ажырашкан аялынын үйүнө кирип, бетин тилип, кулагын, мурдун кесип салган. Аялга операция жасалып, эркек киши камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости