www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ушул жылдын 1-ноябрына карата 108,4 миң адам ар айлык социалдык жөлөк пул алат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жөлөк пул алуучулардын саны 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (108,7 миң) 2 пайызга азайды.
Маалыматка караганда, ар айлык социалдык жөлөк пул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга чектелет. Алар:
18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар;
ата-энесинин биринен ажыраган балдар;
ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдар;
бала кезинен майыптыгы бар адамдар;
жалпы оорудан улам майыптыгы барлар;
баатыр энелер;
улгайган жарандар.
Ар айлык социалдык жөлөк пул категориясына жараша 2000 сомдон 8000 сомго чейинки өлчөмдө дайындалат.
Учурда республика боюнча ар айлык социалдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү - 6 344,7 сом. 2025-жылдын 1-ноябрына карата ар айлык социалдык жөлөк пулду төлөөгө 7,2 млн сом жумшалды.
"Белгиленген мыйзамга ылайык, эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет", - деп билдирет министрлик.