www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жыл башынан бери өткүр курч вирустук оорунун 3 миң 404 учуру катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды алдын алуу жана эпиемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, акыркы жумада курч вирустун оорулардын санынын кадимки көрсөткүчтөн бир аз көбөйгөнү байкалып, өсүү 1%ды түзгөн.

“Ооругандардын 77%ын 14 жашка чейинки балдар (2616) түзөт. Курч вирустук оорулар чоңдорго караганда кичинекейлерде оор өтүп, стационардык жардам алууга көбүрөөк келишет. Ооруну туруксуз аба ырайы шартташы мүмкүн. Быйыл өлкөдө мурдатан эле катталып келген метапневмовирус, аденовирус, парагрипптин 1 жана 3-түрлөрү көбүрөөк катталды”, - деди Оторбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости