www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик кызматкерлер кабыл алган чечимдери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Мындай сунушту Жарандык, Жарандык процесстик жана Административдик процесстик кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү менен тааныштырууда Юстиция министрлиги билдирди.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында каралууда.

Юстиция министринин орун басары Зарылбек Алмазбек уулунун айтымында, долбоор министрлер кабинети жөнүндө жаңы конституциялык мыйзамдын негизинде иштелип чыккан.

«Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында мамлекеттик кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугу төмөн болуп, маанилүү чечимдер кечиктирилип кабыл алынууда. Ошондуктан биз сунуш кылабыз: эгерде кызмат адамынын чечими мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынса, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт», - деди ал.

Зарылбек Алмазбек уулу мамлекеттик кызматкерлер ушундай жол менен эффективдүү иштешет деп эсептейт. Бул эреже муниципалдык кызматкерлерге тиешелүү эмес.

Аталган мыйзам долбооруна бир нече депутат каршы чыкты.

"Жооптуу мамлекеттик кызматкер кабыл алган чечими үчүн жоопко тартылбай турган мыйзам долбоорун сунуштап жатасыңар, бирок бул аша чапкандык. Силер сунуштаган долбоор менен коррупциялык элемент болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген чечимдер, келишимдер болуп кетсе, ага кол койгон жоопту адам жоопкерчиликтен качып кетет. Ошону ойлонуп койгулада, – деди депутат Дастан Жумабеков.

Эл өкүлү бул мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди.

Мамлекеттик кызматкер кабыл алган чечими үчүн жоопко тартылбай турган сунуш, болбогон сунуш экенин депутат Гуля Кожокулова да баса белгиледи.

"Сиз сунуштаган мыйзам долбоору өзү мыйзамсыз. Бул жерде Өкмөттүн кызыкчылыгын ачык эле түртүү болууда. Минтип Министрлер кабинетинин кызыкчылыгын одоно түрткөн болбойт. Бул долбоор мыйзамдардагы кызматтык кылмыштар тууралуу беренелерге каршы келет. Калп эле болбогон мыйзам долбоорун карай бербей, өзүңүз эле артка тартып алыңызчы, – деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости