www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убактылуу кызматтан алынган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ден-соолугунун абалына арызданды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдиргенин АКИpress жазды.
Маалыматка ылайык, Бейшеналиев бүгүн медициналык кароодон өтөт, бирок азырынча кайсы мекемеде экени белгисиз.
«Анын ден соолугу жакшы, бирок дем алуусу тез. Ал гипертония менен ооруйт. СИЗОнун шартында күн ысык, кан басымы көтөрүлгөн. Ал бүгүн медициналык кароодон өткөрүлөт», - деди жактоочу.
Абакиров Бейшеналиев азырынча бир эпизод боюнча — коронавируска каршы вакцина сатып алуу боюнча айыпталып жатканын белгиледи.
«Ал өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жок. Бишкек шаардык соту биздин арызды 16-июнда карайт», - деп кошумчалады ал.
Эске салсак, 2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды.
Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жактоочу сотто Бейшеналиевдин жүрөк оорусу бар экенин, ошондуктан, аны камоого болбой турганын жүйө келтирген.
4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан да убактылуу четтетилген. Буга Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган.
Булак: NazarNews.kg