www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан 2021-жылдын 31-майында уурдалып кеткен «Сапаттын» жетекчиси Орхан Инандынын үстүнөн сот процесси жүрүп жатат.Түркиянын президенти Эрдоган аны Түркиялык чалгынчылар тарабынан кармалганын билдирген. Аны Түркияда Борбор Азиядагы FETÖнун башчысы катары таанышат. Инандыны бошотуу тууралуу маселени сот алып салды. Кыргызстандагы «Сапаттын» жетекчиси 15 жылдан 22 жылга чейин соттолушу мүмкүн. Сотто Инанды колу сынгандыктан операцияга муктаж экенин билдирди, ошондуктан соттун көзөмөлүндө бошото турууну суранган. Сот коллегиясы айыпкер Инандыны катуу сакчылардын көзөмөлүндө калтырып сот жыйымын 14-апрелге жылдырды.

Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга алынып келгенин түрк президенти Pежеп Тайып Эрдоган элге кайрылып жатып билдирген. "Атайын кызматыбыздын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптусу Орхан Инандыны өлкөбүзгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Кийин бул киши ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз", - деген Эрдоган.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон, Интерполго да кабар берилгени айтылган. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.
Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн издөөгө жардам сурап Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жазганын, бирок аны кабыл албай коюшканын билдирген. Рейхан Инанды парламент имаратынын алдына жалгыз митингге чыккан болчу. Орхан Инанды дайынсыз жоголгондон жума айлана электе анын аялы Рейхан Инанды күйөөсү Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында кармалып турганын билдирген. Бул чындыкка жакын эле. Анткени, ага чейин Түркиянын атайын кызматтары ар кайсыл өлкөлөрдөн Гуленге тиешеси бар деп шектелген 100дөн ашык адамды уурдап, Түркияга алып чыгып кетишкендери маалымдалган. Демек, Орхон Инандынын уурдалып кеткендигине биздин бийликтегилердин, атайын кызматтардын тиешелери жок деп ойлоого негиз бар. Мындай пикирге келишимдин себептери, негиздери эмнеде?

Өнүккөн чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары биздин бийликке да, атайын кызматтарга да ишенишпейт. Эгерде алар алдын ала маалымдап, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерге шылтоолоп, Инандыны кармоодо кызматташууну суранышса, ага кандай жооп болбосун ал тез эле Орхон Инандыга жетерин жакшы түшүнүшөт. Орустар айткандай, «эскертилген адам - куралданган адам», аны уккан Инанды жоон топ жан сакчыларсыз үйүнөн чыкмак, бейчеки эки жакка басмак эмес. Айрым ММКларда Инанды уурдалардан 10 күндөй мурда Түркиядан атайын машыгуудан өткөн ондон ашык адам келип, алар 3 батирди жалдашып, Орхон Инандынын баскан-турганын аңдый баштагандыгы маалымдалган. Болжолубузда алар Инандыны аңдып жүрүп, ыгы келери менен кармап, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин жер төлөсүндө кармап турушкан. Ал Түркиянын Кыргызстанга келген коргоо министринин учагында тарыхый ата мекенине чыгарылып кеткен.

Коомчулукту нааразы кылып, ар кандай талаптарды айттырып жатканы – Орхон Инандынын кыргыз жараны экендигинде болгон. Ал күнөө кылса да Кыргызстанда кармалып, ушул жерде соттолушу керек эле. Бирок, Түркиянын бийлигиндегилер өздөрүнүн саясый, техникалык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, эл аралык нормаларды бузушуп, Инандыны уурдап кеткендиги чектен чыккан жорук экендиги чындык. Прогрессивдүү жарандарыбыздын кыжырлары келип жатканы жөндүү.

Бирок, Түркиянын өкмөтү курал-жарактардан жардам кылып, эгемендүүлүгүбүздү, жерибиздин бүтүндүгүн коргогонго, анан экономикабызды өнүктүргөнгө жардам көрсөтөрүн билдирип жатышса, биздин бийлик эмне кыла алат? Биз ультиматумдук талаптарды койсок деле Түркия бийлиги Инандыны кайтарып бербейт. Убада кылынган жардамдардан гана кур жалак калуубуз мүмкүн. Кичине өлкөнүн пешенесине жазылгандардын бири ушул экен, буга чыдабагандан башка аргабыз жок.

Эрдоган саясый карьерасын баштаганда Гуленди пир тутчу. Кийин шайлоого аттанганда Америкада жашаган Гуленге барып шайлоодо бирге болууга макулдаткан. Стамбулдун мэри болуп турганда Кыргызстанга келип «Себат» (азыркы «Сапат») лицейлерин ачканга катышкан. Шайлоону жеңип алып премьер болгондон кийин гуленчилерден арылып жалгыз башкарууга өткөн. Гулен Эрдогандын авторитардык башкаруусун сындап жүрөр эле. «Бийликке келсең достук жоголот» деген накыл кеп дагы бир жолу тастыкталган.

Гулендин  көзү өткөн соң ал түзгөн партиясы да жок. Гулен саясат эмес, агартуу иштерин өнүктүргөн  адам эле. Мусулмандар билимдүү болуш керек, мусулман өлкөлөрү демократиялык система курса өнүгөт деген саясатты карманар эле. Гулендин идеяларын, билим системасын жактырган жана уланткан түрктөр Түркияда жана башка өлкөлөрдө өтө көбөйүп бараткан.

Эрдоган ошондон корксо керек. Аскер төңкөрүшүнүн шылтоосу менен Гулендин идеясын колдогон интеллигенцияны камап жок кылып жиберген. Анткени, билимге, реформага, демократияга умтулгандар диктатордук башкарууга каршы болушат.

Эрдоган бийликке келиш үчүн 3 нерсеге таянган:

1. Түрктөрдүн Осмон импердик сезимин ойготуу жана ишке ашыруу;

2. Диндик жана улутчулдук сезимди күчтөндүрүү;

3. Жеке бийлик орнотуп дүйнөгө таасирин кеңейүү.

Импердик котур менен ооруган өлкө башчылары жана алар башкарган мамлекеттер эмне болгонуна жакынкы тарыхта эле далай мисалдар бар.

Азыр Америка Афганистандан кеткен соң, Американын ордун Туркия ээлеп калганга умтулууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости