www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы районунун аймагында "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө жети мылтык алынып, ал эми 29 жаштагы жаран камакка алынган. Бул туурасында Нарын облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ат-Башы районунун аймагында "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө жети мылтык алынып, ал эми 29 жаштагы жаран камакка алынган - Sputnik Кыргызстан

Ат-Башы районунун аймагында "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө жети мылтык алынып, ал эми 29 жаштагы жаран камакка алынган

Мылтыктардын мыйзамсыз сакталып жүргөнү боюнча маалыматтар аталган райондун тургуну мал уурулукка шектелип суралып жатканда чыккан. Териштирүү иштери жана тергөө башталган.

Анын аркасында Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренесинин ("Куралды мыйзамсыз жасоо") 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, А.Б. аттуу 29 жаштагы тургун бир айга камакка алынган.

Мылтыктардын мыйзамсыз сакталып жүргөнү боюнча маалыматтар аталган райондун тургуну мал уурулукка шектелип суралып жатканда чыккан. Териштирүү иштери жана тергөө башталган. - Sputnik Кыргызстан

Ал эми 2022-жылдын 5-февралында Ат-Башы районунун аймагында дагы бир тургун мыйзамсыз мылтык сатып жүрөт деген маалымат түшүп, териштирүү иштеринин жүрүшүндө анын А.А. аттуу 29 жаштагы жаран экени аныкталган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин ("Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") 1-бөлүмү менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын үйүнөн ИЖ-27 үлгүсүндөгү 16-калибрлүү сайсыз мылтык алынган. Бүгүнкү күндө тиешелүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө Ат-Башы районунун дагы беш тургуну бирден мылтыкты өз ыктыяры менен өткөрүп беришкен.

Милициядан аталган фактылар боюнча Ат-Башы РИИБи тарабынан каттоого алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости