www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алар Кыргызстандан Өзбекстанга 9,2 миллион сомдук дары-дармектерди алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер тилкесинде, Өзбекстан менен чектешкен аймакта, Кыргызстандын М.М аттуу жаранынын башкаруусунда "ВАЗ210740" үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Унааны текшерүү учурунда жалпы баасы 9 млн 290 миң 700 сомду түзгөн «Инфера» дары-дармеги табылган.
«М.М. Кыргызстандын ЕАЭБ аймагынан Өзбекстанга бажы көзөмөлүнөн тышкары жүктөрдү мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган», — деп айтылат маалыматта.
Унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин Ош терминалынын аймагына жеткирилген.
Бул факты электрондук журналга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Булак: NazarNews.kg