www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат, спорт жана туризм министри Азамат Жаманкулов ар түрдүү ишкана, продукцияларды жарнамалоодо маданият кызматкерлерин жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-июлда жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында айтты.
Ал белгилегендей, министрлик бул багытта маданият тармагынын адамдары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Министр айрым белгилүү адамдар жарнамалаган фирмалар элди алдап кеткен учурлар болуп жатканын белгилеп, ага мисал катары «Ихсан» турак жай кооперативин айтып өттү. Мындан улам ал жарандар алданып калбашы үчүн маданият кызматкерлери тиги же бу продукцияны, фирманы жарнамалоодо жоопкерчиликтүү жана этият болушу керектигин билдирди.
Эскерте кетсек, «Ихсан» турак жай кооперативине акча салган жарандар аларга убадаланган батирлерине жете албай, акчаларын да артка кайтара албай ара жолдо калган. Алардын бир тобу митингге да чыккан. Бул ишке байланыштуу аталган компаниянын жетекчиси камакка алынган.
Булак: NazarNews.kg