www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында өткөн "Uzbek botirlari Grand Prix" Эл аралык мелдеште 4 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен бирөө күмүш жана үчөө коло медаль.

60 кг чейинки салмакта катышкан Акыл Сулайманов күмүш медалга ээ болду. Эрмек Каныбек уулу (67 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Нурмамат Раймалы уулу (97 кг) 3-орунду ээлешти.

Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Белгилей кетсек, "Uzbek botirlari Grand Prix-2024" эл аралык мелдеши 24-26-февраль күндөрү болуп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости