www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-февралда Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

Сыйлуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Монголия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобуну жетекчиси Улан Бакасов тосуп алды.

Эскерте кетсек, расмий иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости