www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев Гонконг Премьер-Лигасынын «Жылдын мыкты коргоочусу» сыйлыгын алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Гонкогдун «Истерн» футболдук клубунун капитаны Тамирлан Козубаев Гонконг Премьер-Лигасынын 2023/2024 сезондогу мыкты коргоочусу болуп аныкталды. Аталган сыйлык кыргызстандык футболчуга Гонконг Премьер-Лигасынын жыл жыйынтыгы боюнча мыктыларды сыйлоо аземинде тапшырылды. Тамирлан өзүнүн сыйлыгын маркум атасынa арнады.

Эске салсак, Тамирлан Козубаев жакынкы мезгилде Улуттук кураманын июндагы оюндарга болгон даярдыгына келип, кошулат.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости