www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Нарын облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында жана соттун санкциясы менен Ат-Башы районунун Большевик айылында "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын 9 активдүү мүчөсү жашаган жерлерде тинтүү иштерин жүргүздү.

Анын жыйынтыгында "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымына тиешелүү көптөгөн экстремисттик мүнөздөгү китептер, дептерлер жана журналдар, ошондой эле электрондук ноутбуктар, флешкалар жана телефондор табылды. Алынган материалдар боюнча соттук экспертизалар дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалып, Нарын ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Белгилей кетсек, уюмдун 3 мүчөсү аталган экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости