www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык окуучулар математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-7-июнь күндөрү Өзбекстанда математика жана информатика боюнча IV эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өткөрүлдү.
Ага 16 өлкөдөн: Малайзия, Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Беларусь, Бангладеш, Куба, Венесуэла, Иордания, Азербайжан, Өзбекстан, Румыния жана Ирандан 219 окуучу катышты.
Кыргызстандын атынан мелдеште математикадан — 12 жана информатикадан — 12 окуучу күч сынашты
Жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 2 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медаль жеңип алышты.