www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армян журналист Жирайр Восканян Зангезур аймагында Россиянын аскердик басымы күчөгөнүн билдирди.

Ал армян маалымат каражаттарына таянып, Мегри районундагы негизги жолдордо орус аскерлери дагы деле иш алып барып жатканын айткан. Журналисттин сөзүнө караганда, Армения бийлиги бул аймактардан орус аскерлери чыгарылганын билдиргени менен, алар жергиликтүү жана чет элдик жарандарга чектөөлөрдү улантып жатышат.

Восканяндын айтымында, Мегриге Европа өлкөлөрүнөн жана Армениянын башка аймактарынан келген адамдардын унаалары орус аскерлери тарабынан токтотулган. Ошондой эле Нувади айылына кирүү үчүн Мегриде каттоосу жок жарандарга атайын уруксат талап кылынары айтылган.

Журналист бул жол келечекте Зангезур коридору өтүшү мүмкүн болгон багытта жайгашканын белгилеп, кармалган адамдар бир нече сааттан кийин полицияга өткөрүлгөнүн кошумчалаган.

Ал Армения бийлигин бул жагдайды тактап, орус аскерлеринин кандай укуктук негизде иш алып барып жатканын түшүндүрүүгө чакырды.

Последние новости