www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 4–12-июль күндөрү Колумбиянын Букараманга шаарында өткөн 56-Эл аралык физика олимпиадасында (IPhO 2026) Кыргызстандын улуттук курама командасы бир күмүш, үч коло медаль жана бир ардак грамота жеңип алды.

Муну менен курама команданын бардык беш мүчөсү сыйлыкка татыды.

Күмүш медалды Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу Темирхан Салиев жеңип алды. Коло медалдарды AIMS Razzakov эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу Аскар Абдиев, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу Айтегин Эмилбеков жана «Сейтек-СТЕМ» мектебинин 11-классынын окуучусу Ахмед Абылаев багындырды. Ал эми «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу Нурбол Мырзабеков ардак грамотага ээ болду.

Темирхан Салиевдин күмүш медалы Кыргызстан үчүн акыркы 19 жылдагы IPhO олимпиадасындагы алгачкы күмүш сыйлык болуп калды. Буга чейин өлкө акыркы жолу 2007-жылы күмүш медалга ээ болгон. Ошондой эле Темирхан Эл аралык физика олимпиадасынын тарыхында Кыргызстанга күмүш медаль алып келген үчүнчү окуучу болуп калды.

Колумбиядагы ийгиликтен кийин Кыргызстандын IPhO олимпиадасындагы жалпы көрсөткүчү 3 күмүш, 17 коло медаль жана 27 ардак грамотага жетти.

Улуттук курама команданы Чынтемир Сабыров жетектесе, анын орун басары Андрей Сидоренко болду.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жеңүүчүлөрдү, алардын ата-энелерин жана машыктыруучуларын куттуктап, бул ийгилик окуучулардын талыкпаган эмгегинин жана олимпиадалык кыймылды өнүктүрүүгө багытталган системалуу иштин жыйынтыгы экенин белгиледи.

Последние новости