www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстанга уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү жана аларды Бишкек шаарындагы ири соода жайларында сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койгонун билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөгө бажы жана салык көзөмөлүнөн жашыруун өткөрүлгөн, мыйзамда каралган төлөмдөрү төлөнбөгөн жана милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтпөгөн ири партиядагы уюлдук телефондор аныкталып, көмүскө жүгүртүүдөн алынган.
Тергөө учурунда мыйзамсыз алып кирүү каналын уюштургандардын бири катары чет өлкөнүн жараны «Н.Б.Ж.» жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери «Б.И.М.» кармалган.
УКМКнын маалыматы боюнча, салык кызматкери материалдык сый акы үчүн контрабандалык товарларды Бишкек шаарында мыйзамсыз өткөрүүгө көмөк көрсөткөн.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.
УКМК белгилегендей, эсепке алынбаган уюлдук байланыш каражаттарынын жана башка электрондук техниканын мыйзамсыз жүгүртүлүшү бажы жана салык мыйзамдарын бузуу менен катар коомдук коопсуздукка коркунуч жаратып, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шарт түзүшү мүмкүн.