www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда казакстандык маньяк жана каннибал Николай Жумагалиевге окшош адам тартылган жашыруун видео тарады. Кадрлар Алматы облусунун Актас айылындагы жабык психиатриялык ооруканада тартылган болушу мүмкүн экени айтылууда. Видеодогу адам өзүн камерага тартып жатканын байкабай сүйлөп жаткандай көрүнөт.

Сүйлөшүү учурунда ал журналисттерге маек берүүдөн корко турганын, анткени жетекчилик ага «тилин байлай турган» атайын ийне сайышы мүмкүн экенин айтат. Ошондой эле ал мекемеде коррупция жана бейтаптардын өлүмүнө байланыштуу мыйзамсыз аракеттер бар экенин айтып, айрым кызматкерлерди бейтаптарды атайылап ийне аркылуу өлтүрүүгө айыптайт.

Мындан тышкары, видеодо ооруканадагы сапатсыз тамак-аш, бейтаптарга бөлүнгөн эттин кызматкерлер тарабынан үйүнө ташылып кетери, 1972-жылдан бери алмаштырылбаган эмеректер, бейтаптарды каржылоону сактап калуу үчүн негизсиз кармап туруу сыяктуу дооматтар айтылат. 

Эске салсак, 10дон ашык аялды өлтүрүп, алардын канын ичип, этин жеген деп соттолгон Николай Жумагалиевге убагында шизофрения диагнозу коюлган. Ал 1990-жылдардан бери Актас айылындагы жабык психиатриялык ооруканада кармалып келет.

Последние новости