www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир кезде саясий чөйрөдө чогуу жүргөн экс-депутат Эмил Жамгырчиев менен учурдагы депутат Нурбек Сыдыгалиев бири-бирин айыптап, эл алдында өз ара эсептешүүгө өтүштү.
Эмил Жамгырчиев буга чейин Нурбек Сыдыгалиевди бийлик өкүлдөрүнө жакын болгонун, айрым чечимдерде алардын колдоосуна таянганын айтып келген.
Өз кезегинде Сыдыгалиев бул дооматтарды четке кагып, тескерисинче Жамгырчиев өзү мурда күч түзүмдөрүнө жакын болуп, кийин алардын үстүнөн доомат айтып чыкканын, учурунда коңшу өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө чейин барып даттанып ыйлактап жүргөнүн сындады.
Ырасында, экөө тең бири-бирин бийликке жакын болгон, таасирдүү адамдар менен байланыш түзгөн, саясий кызыкчылык үчүн позициясын өзгөрткөн деп күнөөлөп жатышканы "балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" дегенди тастыктайт.