www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-июлдан тартып Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылына жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру расмий башталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги маалымдады.
Абитуриенттер документтерин «Абитуриент онлайн» платформасы (2020.edu.gov.kg) аркылуу тапшырып, тандаган жогорку окуу жайына жана адистигине онлайн каттала алышат. Ошондой эле система аркылуу конкурстун жүрүшүн, рейтингди жана кабыл алуу жыйынтыктарын реалдуу убакыт режиминде көрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Быйылкы кабыл алуу өнөктүгү беш тур менен өткөрүлөт:
1-тур – 13-июлдан;
2-тур – 20-июлдан;
3-тур – 27-июлдан;
4-тур – 3-августтан;
5-тур – 10-августтан.
Ар бир турда абитуриенттерди каттоо, сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана окууга макулдугун электрондук система аркылуу ырастоо жүргүзүлөт. Эгер бешинчи турдан кийин бош орундар калса, 22-августка чейин рейтингдик тизменин негизинде кошумча кабыл алуу уюштурулат.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт. Ал эми искусство жана дене тарбия багыттарын тандаган талапкерлер үчүн кошумча чыгармачылык жана кесиптик сынактар каралган.
Министрлик абитуриенттерди ар бир турдун мөөнөттөрүн так сактоого жана окууга макулдугун өз убагында электрондук система аркылуу ырастоого чакырды.
Расмий маалыматка ылайык, быйыл өлкө боюнча 80 миңден ашуун окуучу 11-классты аяктаса, 136 миңге жакын бүтүрүүчү 9-классты бүтүрдү.