www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Филиппиндин Нью-Кларк-Сити шаарында өтүп жаткан спорттун суудагы түрлөрү боюнча Азия чемпионатында жеңишке жетип, Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы кабарлады.

Бул ирет ал брасс ыкмасы менен 50 метрге сүзүүдө финалда 27,67 секундада келип, алтын медалга ээ болду.

Петрашов ушуну менен үчүнчү ирет Азия чемпиону болуп жатат. Ал 2017-жылы (брасс, 100 м.) жана 2019-жылы да (брасс, 200 м.) Азия чемпионатында алтын алган.

Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейродо жана 2021-жылы Токиодо өткөн Олимп оюндарына катышкан. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Ал быйыл Парижде өтчү Олимпиада жайкы Олимп оюндарына катышат. Бул лицензия спортчуга Жапонияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен берилген.

Ушу тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Денис Петрашовдон сырткары былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган.

Последние новости