www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын аскерлери орто эсеп менен күнүнө 800дөн ашык адамды жоготуп жатат. Ал эми атайын операция башталгандан бери 444 миңден ашуун аскер кызматкери набыт болгон. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин башчысы Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости жазды.

"Жыл башынан бери каршылаш тарап орто эсеп менен күн сайын 800дөн ашык адамды, 120 бирдик ар кандай куралдарды жоготуп жатат", — деди министр.

Бир жума мурун Шойгу ийгиликсиз контрчабуул учурунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн каза тапкан жана жаракат алган жоокерлеринин саны 166 миңди түзгөнүн билдирген.

Октябрда Time журналы Владимир Зеленскийдин кеңсесинин маалыматына таянып, Украинанын аскер комиссариаттары 43 жашка чейинки адамдарды аскерге чакырууга аргасыз болгонун жазган. Ал эми The New York Times Украина аялдарды армияга чакырууга басым жасап жатканын, бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн чоң жоготууларынан кабар берерин жазган.

7-февралда Жогорку Рада мобилизацияны күчөтүү боюнча чуулгандуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Ага ылайык, чакыруу кагаздарын көчөлөрдө, май куюучу жайларда же кафелерде тапшырса болот. Ошол эле маалда коопсуздук күчтөрү аскерге чакырылгандарга рейд жасап, көп учурда күч колдонушат. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, украиндер атүгүл жумушка чакыруу кагазын алуудан коркуп, расмий ишке кирүүдөн качып калышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости