www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жаранына Эмгек министрлигинин көмөгү менен 1,3 млн рублдан ашык эмгек акы карызы төлөнүп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жараны Н.Т.нын эмгек укуктарын коргоого жана эмгек акы боюнча карызын өндүрүп алууга көмөк көрсөттү.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жаранга «СК Моно» ЖЧКсы тарабынан 1 377 000 рубль өлчөмүндөгү эмгек акысы толук көлөмдө төлөнүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына укуктук жана консультациялык колдоо көрсөтүү боюнча системалуу иштерди улантууда.
 

Последние новости