www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктар Алтайдагы "Азия өлкөлөрүнүн жаш лидерлер мектеби" долбооруна катышууга чакырылганын Русский дом билдирди.

Иш-чарага эл аралык гуманитардык кызматташтык тармагындагы 25 жаштан 35 жашка чейинки адистер, тарыхчы, археолог жана түркологдор бара алат.

Активдүү катышкандар Азия университеттеринин ассоциациясы жана Улуу Алтай борборунун чет өлкөлүк эксперттер бирикмесине киргизилип, жаңы чет элдик өнөктөштөр жана ресурстук борборлор менен кызматташуу келишимине кол коюшат.

"Бул иш Азия университеттеринин ассоциациясы жана Улуу Алтай борборунун чет өлкөлүк эксперттер бирикмесин кеңейтүүгө багытталган", — деп жазылат маалыматта.

Арыздар 7-мартка чейин [email protected]. электрондук почтасында кабыл алынат. Аны толтуруу жана долбоор тууралуу кененирээк маалыматты шилтеме аркылуу алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости