www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шойгу:

Орус армиясын жеңишке жетүү үчүн алдыда дагы көп иштер турат. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Анын айтымында, аскердик ведомствонун башчысы биргелешкен топтун штабында күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Салтанатка Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, армиянын генералы Валерий Герасимов да катышты.

"Урматтуу достор, кесиптештер! Сиздерди бул сыйлыктарыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Сыйлыктар акыркысы болбойт деп ишенем. Алдыда көптөгөн иштер турат. Сиздер татыктуу күрөшүп жатасыздар, бул үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйландыңыздар. Өлкөбүз Сиздин эмгегиңизди, аскердик эмгегиңизди баалап, алдыга, жеңишке гана!», - деди Шойгу аскерлерге кайрылып.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости