www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Батыш менен болгон маалыматтык согушта контрпропаганданы жакында эле баштады. Кээ бир жерде утуп жатса, айрым учурларда англосаксондук ЖМКларына жеңилип калууда. Бирок алар менен атаандашууга даяр. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымына таянып РИА Новости жазды.

International Reporters басылмасына маек берип жатып ал маалыматтык согуш түшүнүгү журналистиканын өзү сыяктуу эски экенин белгилеген.

"Алар буга чейин болуп келген, болот жана боло бермекчи. Бул согушта тактикалык жеңишти камсыз кылса болот, бирок стратегиялык согушту жеңүү кыйын. Салыштырмалуу контрпропаганда боюнча жумушубузду жакында эле баштадык", — деди Песков.

Кремль өкүлү белгилегендей, Россия бул үчүн заманбап ЖМКлар колдонгон бардык мультимодалдык ыкмаларды өздөштүрүшү керек болчу.

"Өлкөнүн көз карашын, өлкөнүн позициясын дүйнөнүн түрдүү мамлекеттерине жеткирүү үчүн алардын бардыгын мыкты өздөштүрүү керек. Биз жеңип жатабызбы? Айрым жерде жеңип жатабыз, кээ бир жерде душманыбыз кооптуу болгондуктан утулуудабыз. Англосаксон ЖМКсы — бул АКШ менен Улуу Британия басылмалары", — деген маалымат катчы.

Песков иштин натыйжалуулугу жагынан алар менен атаандашууга Россия толук даяр экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости