www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) кыргызстандыктар кайсы учурда Орусиядан бекер медициналык тейлөө ала алары боюнча маалымат берди.

Бул үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруудан (ММК) өткөнү боюнча статусу болушу керек же милдеттүү медициналык камсыздандыруунун убактылуу полиси зарыл.

Мындан тышкары, COVID-19 боюнча медициналык кызматтар жарандыгына карабастан бекер көрсөтүлөт.

Орусия Евразия экономикалык кеңешине мүчө-мамлекеттердин жарандарына ММКнын убактылуу полисин берет. Ошол эле учурда союзга мүчө-өлкөлөрдүн жарандары менен мигранттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө эмдөө бекер эмес. Алар вакцина үчүн 1 300 рубль же андан ашык каражат төлөшөт.

Орусиянын ММК фондунун маалыматына караганда, ММКнын полисин алган учурда гана ММК мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жеткиликтүү болот.

Полисти алуу үчүн мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү аймактык же федералдык фондуга кайрыла алышат. Тийиштүү документтерди топтоп берген учурда ММКФ бекер берет. ММК полисинин жарактуу мөөнөтү 30 календардык күн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости