www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев камактагы 63 кишиге мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Өзбекстан 24" телеканалы кабарлады.
Президенттин жарлыгына ылайык, кылганына өкүнүп, түрмөдө отурган кезде реабилитация жолуна түшкөнүн көргөзгөн 44 киши эркиндикке чыкса, 19 адамдын камактагы мөөнөтү кыскартылат.
Телеканалдын маалыматында ырайым берилген адамдардын баары абакта отурганда түрдүү адистиктер боюнча кесиптерге ээ болуп, тиешелүү сертификаттарды алганы белгиленген.
Мындан тышкары эркиндикке чыккандарга бир жолку материалдык жардам бериле турганы кабарланды. Ошондой эле мамлекет аларга жумушка орношууга, бизнес ачуу үчүн насыя алууга, пенсиялык камсыздандыруу боюнча маселелерин чечүүгө жана ID-карталарды алууга көмөктөшөт.
Эске салсак, Өзбекстанда буга чейинки мунапыс өткөн жылы декабрдын башында Конституция күнүнө карата жарыяланып, 182 кишиге ырайым берилген.
Булак: NazarNews.kg