www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын түштүгүндө мигранттардын калайман мушташы катталды. Болжолдуу түрдө ага Тажикстандын жарандары катышкан. Бул тууралуу ТАСС агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булагына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, мушташка 15ке жакын киши катышып, алардын бири травматикалык курал колдонгон. Бул окуяга байланыштуу полицияга коомдук тартипти бузган 66 адам жеткирилип, "Курал колдонулган бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги дипломаттар Орусиянын укук коргоо органдары менен байланышта болуп, мушташтын себептерин жана ага катышкан мигранттардын жарандыгын аныктоо менен алектенип жатышканын билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, Москвада 1 миллион 33 миң мигрант бар. Алардын көпчүлүгү Өзбекстандын (31%), Тажикстандын (26%) жана Кыргызстандын (25,4%) жарандары.

2021-жылы августта Москва шаарынын мэри Сергей Собянин акыркы айларда баш калаада жашаган 200 мигрант Орусиядан чыгарылганын, 800 мигрантка каршы кылмыш иштери козголгонун билдирген. Анын айтымында, алар "калайман мушташка катышып, бир нече олуттуу мыйзам бузушкан".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости