www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Инсан-Лейлек» коомдук фондунун изилдөөсүнө ылайык, кыргызстандыктардын чет өлкөгө иш издеп кетүүсүнүн негизги себептери катары айлыктын төмөндүгү жана коррупциялык тобокелдиктер экени белгиленет.
Мигранттар Кыргызстанда жумуш бар экенин, бирок эмгек акы чет өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла аз экенин белгилешкен.
Ошол эле учурда өкмөт чет өлкөлүк жумушчуларды тартуу үчүн 2027-жылга эмгек квотасын 120 миңге чейин көбөйттү. 2026-жылы бул көрсөткүч 100 миң, 2025-жылы 42 миң болгон.
Улуттук статистика боюнча, 2026-жылдын январь-июнь айларында реалдуу эмгек акы 15,3% өскөн.